Садыр Жапаров Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 9-июль күнү Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик аппараттан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, сүйлөшүүдө кыргыз-түрк кызматташтыгынын актуалдуу багыттары жана эки тараптуу мамилелердин келечеги талкууланган.

Садыр Жапаров Режеп Тайип Эрдоганды Курман айт майрамы менен куттуктап, Түркия лидери менен анын жакындарына ден соолук жана бакубатчылык, ал эми боордош түрк элине тынчтык жана гүлдөп өнүгүү каалады.

Өз кезегинде Режеп Тайип Эрдоган дагы Садыр Жапаровду ыйык Курман айт майрамы менен куттуктап жана боордош кыргыз элине эң жакшы каалоо-тилектерин билдирди.

Мындан тышкары, тараптар жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан