Супер фактылар: Эмне үчүн окуганыбызды жазышыбыз керек?

Китеп окуу ой жүгүртүүбүздү кеңейтип, дүйнө таанымыбызды тереңдетет. Ал илим-билим алуучу мыкты курал гана болбостон, башкаларды жана өзүңдү жакшылап таанып-түшүнүүгө да жардам берет. Канчалык китепти туура окусаң, пайдасы ошончолук көп.

Супер фактылар рубрикасында китептин кыскача мазмунун жазуу жана анын окурманга тийгизген оң таасирлери жөнүндө айтып беребиз.

Эмне үчүн окуганыбызды жазышыбыз керек?

1. Окуганың эсиңде калышы үчүн. Бир жумадан кийин окуган китебиңди унутуп калсаң, окуп кереги барбы? Унутчаактык көпчүлүктө кездешкен көйгөй, бирок чечүү жолу бар. Жаңы алган маалыматты өз сөзүң менен жазып, кайрадан окуп чыгуу сунушталат. Бул процесс мээнин башка областарын да иштетип, маалыматты сактап калууга мүмкүнчүлүк түзөт.

2. Китепти жакшы түшүнүү үчүн эне кылуу зарыл?

Окуп жатып, китеп жакканын же жакпаганын оңой эле аныктаса болот. “Эмне үчүн жакты же жаккан жок?” деген суроого бардык окурман эле жооп бере албайт. Бирок биз анык жооп бергенди үйрөнүшүбүз керек, ал маанилүү нерсе. Китеп боюнча оюңду жазуу же айтып берүү - өзүңдүн каалооңду, кызыкчылыгыңды жана позицияңды аныктоочу мыкты ыкма. Ал окуп жатканда байкалбай калган фактыларга кайрылтат, китеп жетелеген жаңы уйгу-туйгу сезимдерибизди талдаганга жардам берет. Жан дүйнөбүзгө анализ жүргүзүү мурда билбеген сапаттарыбызды ачып, ойлорубузду топтойт.

Китептеги маалыматтарды жазуу

1. Китептин четине белгилерди коюу.

Белгилерди коюудан жазуу башталат. Маанилүү маалыматты, суроо туудурган сүйлөмдөрдү белгилеп алуу зарыл. Ийгиликке жетишкен көпчүлүк адамдар бул ыкманы колдонушат.

2. Фейнмандын методун колдонуу америкалык физик Ричард Фейнмандын китепти өздөштүрүү методикасы 4 этаптан турат:

- Тема боюнча жаңы маалыматтын баарын жазуу;

- Жаш балага түшүндүрүп жаткандай жөнөкөй, бирок так жана ачык жазылуусу зарыл. Атайын термин, метафораларды колдонбогон жакшы. Китептин мазмунун жөнөкөйлөштүрбөй жана бурмалабай кагазга түшүрүү;

- Эгер бир жерин жеткире албай кыйналсаң китепке кайтып, түшүнүүгө аракеттенүү;

- Кыскача жазылгандарды байланыштырып текст түзүү; Дайыма китеп боюнча өз оюңду жазып туруу үчүн түрткү болуучу себепти табуу керек. Ал үчүн соиалдык тармактардан досторуңа оюң менен бөлүшүп турсаң болот. Мындан тышкары, атайын китеп клубдары уюштурган талкуу-жыйындарга катышуу да сунушталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан