Кыргыздын атактуу актрисасы, сахна ажары, сулуулугу жана таланты менен суктандырган театр жана кино жылдызы Таттыбүбү Турсунбаева көзү тирүү болгондо бүгүн, 12-июлда 78 жашка чыкмак.
Таттыбүбү Турсунбаева 1944-жылы 12-июлда Нарын облусунун Жумгал районунда төрөлгөн. Чаек айылында орус тилдүү орто мектепте окуган. Ага Таттыбүбү деген атты чоң атасы, ошол мезгилдин белгилүү комузчусу Турсунбай койгон. Атасы Мырзаалы Токтогул Сатылгановдун шакирти болуптур. Ал эми апасы Калыйбүбүнү замандаштары Таттыбүбүдөй ажайып сулуу болгон дешет.
Таттыбүбү Турсунбаева театрда "Кызыл жоолук жалжалым", "Ромео жана Жульетта", "Ай тутулган түндө”, "Байыркы жомок" баштаган көптөгөн спектаклдерде негизги ролдорду ойносо, "Саманчынын жолу", "Ак-Мөөр", "Отко таазим", "Ак куулар конгон айдың көл", "Атадан калган туяк", "Кызыл алма" баштаган ондогон кино тасмаларда башкы ролдорду жараткан.
ЧЫГАРМАЧЫЛЫГЫ
Театрда дүйнөлүк жана советтик классикасынан У.Шекспир, Лопе де Вега, Г.Лорка, Ч.Айтматов, М.Карим жана Е.Шварцтын чыгармалары боюнча сахнага 30дан ашуун эстен кеткис образдарды алып чыккан: Жульетта (“Ромео жана Жульетта”), Амелия (“Бернарда Альбанын үйү”), Фелисьяна (“Бий мугалими”), Асел (“Делбирим”), Анвар (“Фудзиямадагы кадыр түн”) жана башкалар. Ошону менен бирге кинодо да жаркын элестерди жараткан.
Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти, СССР кинематографисттер союзунун жана Кыргызстан кинематографисттер союзунун мүчөсү.
Таттыбүбү Турсунбаева Кыргызстандын эл сүйгөн эң атактуу актрисасы болгон. Анын сулуулугу бүтүн кыргыз элин суктандырган. Таттыбүбү Турсунбаева кыргыздын көп кинолоруна катышып, кызыктуу каармандарды жараткан. “Ак Мөөр” фильминен соң Таттыбүбү Турсунбаеваны кыргыздар “Соң-Көл чүрөгү” деп аташкан.
Тилекке каршы, анын өмүрү кыска болгон. Ал 37 жашында бул дүйнөдөн кайткан. Ал көз жумганда курсташы Жумабек Козукеев мүрзөсүнүн башында “Токтолуп сокпой жүрөгү, Соң-Көлдүн кетти чүрөгү” деген ыр саптарын окуган.
Бирок Таттыбүбү Турсунбаева бул жарыкчылыктан эрте кетсе да, анын элеси бул дүйнөдөн кеткен жок. Таттыбүбүнүн элеси сахнанын жана сулуулуктун турмушунда жашап келе жатат. Кыргызстанда Таттыбүбүнү "ак куу" деп да айтышат, анткени кыргыз маданиятында ак куу эң эле татынакай жана назик куш. Буга байланыштуу мындай ыр бар: "Адашкан аркар сыяктуу, арманда кетти бир ак куу". Анын ийилген кирпиктери, ажарын төккөн жүзү, өрүлгөн узун чачтары дагы эле Кыргызстандын ар бир атуулун суктандырат.
Актриса 1981-жылы кырчындай 37 жаш курагында бул дүйнө менен кош айтышкан.
Убагында актрисага сүйүүсүн арнагандар көп болгон дешет. Эл ичинде ал белгилүү актёр Болот Бейшеналиев менен сүйүү мамиледе болгон деген кеп айтылып жүрөт. Экөө "Ак Мөөр" фильмине чогуу тартылышкан.
Бирок актриса Болоттун досу, кесиптеши Имаш Эшимбековго турмушка чыгып, экөө сегиз-тогуз жыл чогуу жашап бир уул, бир кыздуу болушат. Кызы Асел Эшимбекова “Махабат дастаны”, “Сүйүү закымы” жана башка кинофильмдерде тартылып, кыргыз киносунун жылдызына айланган. Актрисанын агасы Нуркан Турсунбаев "Таттыбүбүнүн жеке жашоосу татаал болду" деп айтканы бар.
Таттыбүбүнүн бир тууган агасы Нуркан Турсунбаев "Супер-Инфо" гезитине берген маектеринин биринде "Таттыбүбү мыкты актриса гана эмес, жакшы ырдап, бийлечү" деп эскерген.
АКТРИСАГА АРНАЛГАН ЧЫГАРМАЛАР
Кыргыздын көрүнүктүү акын-жазуучулары Таттыбүбү Турсунбаеванын сулуулугун, анын сахнада болобу, кино жаатында болобу жараткан ролдорун даңазалап чыгармаларды жаратышкан.
Сахнада Таттыбүбү
Булбулдун какшап боздогон таңкы ыры сен,
Күн тийсе көктө андагы тамган нуру сен.
Кыргызда сулуу экөө бар болсо болгону,
Айныбай айтаар экөөнүн анык бири сен.
Сулуулук чиркин акылга такыр сыйбаган,
Ажалга эмес ооруга дагы кыйбаган
- периште кетти, көмүскө кетти, буркурап-
- ыйлаган турмуш, ыйлаган сахна, ыйлаган…
Жаңылам жок, жок, кеткен жок али периште,
Не болуп жатам кайгыны камап мен ичке.
Күнүмдүк жашоо ансыз да калат күбүлүп,
Төркүнү кептин түбөлүк өлбөс жеңиште.
Өлгөн жок сулуу, жаткан жок азыр мүңкүрөп,
Өлбөстүк ошол, экинчи өмүр күн сүрөт.
Жарашып бүтүн жароокер нурдуу мүнөзү,
Жаз менен кошо гүл ачат дайым бул чүрөк.
Табият чындап жасаган өңдүү эринбей,
Каштарың сенин деңиздин эки жээгиндей.
Каректериңчи, жамгырдын тунук тамчысы,
Кирпигиң болсо төгүлүп турган мээримдей.
Ажалдын жөнү, өмүрдүн жөнү башка да,
Дарактын баркы тамыры менен шакта да.
Биз жашап жүргөн бу турмуш бизге театр,
А демек биздин актрисабыз сахнада… Автор: Бердибек Жамгырчиев
Таттыбүбү
Ак куу дешет далай жандар көркүңдү,
Ай ким билет куулар сүзгөн көлсүңбү?
Көрөр менен кыйын алгач сүрөттөш,
Көзүңдөгү күйүп турган өртүңдү…
Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
"Ал Күн!" дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
"Ак куу, Күндөн артык Ай!" дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет?
Сыйкыр бардай арбап алып гүл өңү,
Сен сыяктуу Ай да, Күн да күлөбү?
Сулуу деген сендей болот чынында,
Сулуу болгон жүзү дагы жүрөгү…
Кең дүйнөнүн көкүрөгүн жаралап,
Кеттиң эрте "ак булутту аралап".
Сезимдерге өчпөс жалын тутанткан,
Сендей жандар элде сейрек жаралат…
Аттиң мейли келбес күнгө аттанба,
Айландың ээ айтып бүткүс дастанга.
Сулуулуктун символусуң талашкыс,
Суктандырган нурдан артык ак таңда…
Ажарыңа ашык болуп миң жүрөк,
"Ал Күн!" дешет… А жүзүңдө күн жүрөт…
"Ак куу, Күндөн артык Ай!" дейт кээ бирөө,
А сен айдан сулуудурсуң ким билет? Автор: Максат Жангазиев
Таттыбүбү Турсунбаеваны эскерип
Көргөн көрөөр узун өмүр пайдасын,
Бирок айтчы, сен–өлбөстүк, кайдасың?
Зор сахнада ойнотконуң ойноткон
Ажал, талант, убакыттын кармашын.
Өлүм көрөөр сук өлүмдүн пайдасын,
Бирок, айтчы, сен - адилдик, кайдасың?
Жүрөк мыкчып, жүрөк туйду ар мерчем
Турмуш менен сулуулуктун кармашын.
Турган булар каршылаштар сабына
Майдан кезмек жарактарын тагына,
Боло электе ажал ажаан, а талант
Жете электе баралына, табына.
Жуурулушса талант менен сулуулук,
Сезимдерге уялады жылуулук.
Дал ошондон гүлүн, ачып тазалык,
Байкалбастан бүрүн ачты улуулук.
Эсимде жок күн санаты нече эле,
Сулуулукка мен кезиккем кечеде.
Көрүп калып жүрдүм кээде ал өңдүн
Бир жаркылдап баратканын көчөдө.
Көрдүм анан оозго алынып бат гана
Ойноп жаткан ойнун улуу сахнада.
Ыраазычылык билдиришип сан көздөр
Дүркүрөгөн кол чабылып жатты ага.
Жылмаюсун топтоп сүйкүм ууртуна,
Келишимди топтоп бойго, тулкуна,
Бирде болсо Дездемона ай чырай,
Бет келишти бирде болуп Уркуя.
Суктандырып бул сулуулук, ойчулдук,
Баарын шилеп көкүрөккө толтурдук.
Бизге энчиге берилгендей ушул көрк
Канча оюнда жагалданып олтурдук.
Нуру болгон кино менен кеченин,
Шаңы болгон шайыр турмуш көчөнүн,
Ак жылдызды байкабаппыз шум ажал
Шарт деп бир күн колдон жулуп кетээрин.
Жаш тагдырга биз кайдыгер караппыз,
Сулуулукту туш тушунан талаппыз.
Сыймыгыбыз колдон учуп кеткенче
Сыйыбызды, сөзүбүздү аяппыз.
Сыйлык, сыйды убагында алганда
Балким, талант, ташып чыкмак андан да.
Чексиздикке эрте учаарын ким билди
Салып коюп сансыз журтту арманга?
Ойлой калсам зээним кейийт азыр да,
Оо, биз деги качан жеттик кадырга?
Ак денесин "Ала-Арчага" койбостон.
Аттап-буттап алып кеттик адырга.
Ай чырайлуу жумур дене Жоконда
Кыргызымда бир жаралган экен да.
Бир эркелеп бул турмуштун шаңына,
Эл күзгүгө бир каранган экен да!
Рух–суусунду сендей талант өзөндөн
Таттык, бастык жаркын талант-көчөңдөн.
Биз таңдандык тал чыбыктай боюңа,
Дүйүм журттун сулуулугун көтөргөн,
Отуң алоо жүрөктөрдө жагылган,
Элиң эсен оюнуңа агылган.
Сезимдерде кайталанып тураарсың
Улуу тоодон бир жарк эткен чагылган.
Өзүң кетип кайтпастыкка жашынып,
Калды элесиң сезимдерге басылып.
Эрте жазгы байчечекей өңдөнүп
Азга үлбүрөп, азга турган ачылып.
Алып кетти ак жааныңды төктүрбөй,
Ажал сени максатыңа жеткирбей.
Эсте калдың эл тамырын жибитип
Бир көнөктөп куюп өткөн өткүндөй... Автор: Жолон Мамытов
12-июлдун жылнаамасы.