Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев жетектеген Кыргызстандын өкмөттүк делегациясы Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) юбилейлик форумуна, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы менен Борбордук Азия өлкөлөрүнүн кызматташуусунун 30 жылдыгына арналган бизнес-форумга катышты.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чаранын алкагында британиялык жана чет элдик компаниялардын, бизнес чөйрө өкүлдөрүнүн катышуусунда бизнес-форум өттү.
Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын форумунун алкагында Кыргызтандын өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрү бир катар эки тараптуу жолугушууларды да өткөрүштү.
Атап айтканда, министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев менен Казакстандын премьер-министринин орун басары – Казакстандын финансы министри Ерулан Жамаубаев кыргыз-казак кызматташтыгынын учурдагы абалын жана келечегин талкуулашты.
Ошондой эле Тажикстандын вице-премьер-министри Усмонали Усмонзода менен жолугушуунун жүрүшүндө соода-экономикалык кызматташуу маселелерине басым жасоо менен эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду.