Ошто ирригацияны жакшыртуу боюнча 17 миллион евро суммасындагы келишимге кол коюлду

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон иш сапарынын алкагында Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен ЕРӨБнын ортосундагы кызматташтыктын учурдагы жана келечектүү багыттарын талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын ортосунда Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча 17,87 миллион евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду.

Бул долбоорго ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусунун Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат.

Келишимге кыргыз тараптан – финансы министри Алмаз Бакетаев, Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тараптан аймактык директор Жужанна Харгитаи кол койду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан