Акылбек Жапаров менен Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу орус өкмөтүнүн сайтына жарыяланды.

Сүйлөшүүдө өкмөт башчылар соода-экономикалык, энергетика, айыл чарба жана башка тармактардагы кыргыз-орус кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин талкуулашкан.

Мындан тышкары эки тарап Кыргызстандын төрагалыгы астында өтө турган Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынын эске алуу менен Евразия экономикалык биримдигинде интеграциялык кызматташтыкты тереңдетүүгө көңүл бурушкан.

Эске салсак, августтун соңунда Чолпон-Ата шаарында Кыргызстандын жетекчилиги менен Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги отуруму болмокчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан