Түркмөнстандын президенти 26 министрди кызматтан алды

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өкмөттө эң ири кадрдык өзгөрүүлөрдү жасады. Ал өкмөттүн кеңейтилген жыйынында расмий өкүлдөр өлкөнүн экономикалык өсүүсү тууралуу маалымат бергенден кийин 26 министрди кызматтан алды. Бул тууралуу Түркмөнстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, президенттин буйругу менен кызматтан алынгандардын арасында билим берүү, илим, саламаттыкты сактоо, спорт, жаштар жана социалдык коргоо боюнча вице-премьер-министр Сапардурды Тойлыев, экономика, банк иштери жана эл аралык каржы уюмдары боюнча вице-премьер-министр Мухаммедгулы Мухаммедов бар.

Кызматтан алынган бир катар жогорку кызматтагылар башка жумуштарга которулган. Бирок алардын жаңы кызматтары азырынча айтыла элек.

Бул Сердар Бердымухамедов мамлекет башчылыгына келгенден берки эң ири кадрдык алмашуу.

Ошондой эле президент Түркмөнстандын Австрия, Япония, Бельгия, Франция, Түркия, Азербайжан, Украина жана Түштүк Кореядагы элчилерин кызматтан алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан