Бишкекте соода борбордун жанында адамды сабаган балдарды издөө иштери башталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.
Бүгүн, 12-июлга караган түнү саат 03:20 чамасында 102 кызматына шаардагы соода борборлордун биринин жанында белгисиз адамдар мушташып жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.
Милиция кызматкерлери окуя болгон жерге барып, эч кимди тапкан эмес.
Бул факты Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгында катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды. Учурда шектүүлөрдүн жүргөн жерин тактоо жана кармоо боюнча издөө иш-чаралары жүрүп жатат.
Буга чейин социалдык тармактарда Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан соода борборунун алдында топ балдар бир жигитти тепкиге алган видео тараган.