Социалдык тармактарда Бишкектин борбордук көчөлөрүнүн биринде жайгашкан соода борборунун алдында топ балдар бир жигитти тепкиге алган видео тарады.
Маалыматка ылайык, окуя 12-июлга караган түнү саат 03:00 чамасында Киев жана Темиркул Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда беш жаш бала эки кыздын көзүнчө бир жигитти тепкиге алып жатышкандыгын көрүүгө болот.
Милиция бул окуя боюнча азырынча комментарий бере элек.