Орусиянын президенти Владимир Путин Татарстандын президенти Рустам Миннихановдун кызматын эми "Татарстан Республикасынын башчысы" деп өзөрткөн жарлык чыгарды. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
"Миннихановдун кызматтык наамы «Татарстан Республикасынын башчысы» деп баяндалсын", - деп айтылат документте.
Татарстандын президентинин кызматтык аталышын өзгөртүү 2023-жылы болот.
Өткөн жылдын аягында Орусияда федералдык мыйзам кабыл алынган. Анда региондордогу эң жогорку чиновникке "президент" деген сөздү колдонууга тыюу салынган.