Элчи Өмүрбек Текебаев Германиянын Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору менен жолугушту

11-июлда Берлин шаарында Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын Федералдык президентинин кеңсесинин Эл аралык байланыштар боюнча департаментинин директору Вольфганг Зильберманн менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, элчи Өмүрбек Текебаев Вольфганг Зильберманн менен жолугуп, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү, иш сапарларды уюштуруу, азыркы таптагы эл аралык кырдаал жана Борбор Азиядагы кызматташтык тууралуу ой-пикир алмашуу болду.

Элчи Өмүрбек Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгын ар тараптуу багыттарда бекемдөөгө жана эң жогорку деңгээлдеги иш сапарларды уюштурууга кыргыз тарап кызыкдар экендигин баса белгиледи. Элчи Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын демилгечиси катары Кыргызстанда жогору баалангандыгын белгиледи.

В.Сильберманн белгилегендей, Федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер Борбордук Азия менен жакшы тааныш жана бул аймак ал үчүн чоң мааниге ээ.

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында тараптар пландарды ишке ашыруу максатында үзгүлтүксүз байланыштарды улантууга макулдашышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан