Өлкөдөгү 966 мектептин директорлору сынакка катышат. Бул тууралуу билим берүү министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, өлкө боюнча жалпы 2 миң 333 мектеп бар. Анын 966 мектеп жетекчилери сынакка катыша алат. Ал эми 1 миң 200 мектептеги директорлор 5 жылга чейинки мөөнөттө иштеп жатат.
Тактап айтканда, алардын 5 жылдык иштөө мөөнөтү бүткөн соң кайрадан сынак жарыяланат.
"Мектепте 10 жыл, 20 жылдан бери иштеп жаткан, анын ичинде жакшы иштеп жаткан бардык директорлор сынакка катыша алат", - деди ал.