Бишкекте 12 жаштагы Арууке Өмүрова изделүүдө

Бишкек шаарында 12 жаштагы Арууке Өмүрова 3 күндөн бери дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу Свердлов райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 10-июль күнү борбор калаанын О.К. аттуу тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ал 2010-жылдын 16-январында туулган кызы Арууке Өмүрованы издөөгө көмөктөшүүнү өтүнгөн.

Ал ошол эле күнү саат 20:00 чамасында Бишкек шаарынын Салиева көчөсүндө жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес. Учурда дайынсыз жоголгон кыздын кайда экени белгисиз.

Өзгөчө белгилери: бою болжол менен 160-165 сантиметр, орто дене түзүлүштө.

Кийген кийими: көк көйнөк, кара кроссовка.

Милиция Арууке Өмүрова тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү телефондор аркылуу байланышып коюуну өтүнөт: 0 557 11-94-10, 0 701 28-28-09, 0 702 49-88-88 жана 102.

Учурда дайынсыз жоголгон Арууке Өмүрованын дарегин тактоо максатында издөө иш-чаралары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан