SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Гүлүмкан Исаеванын ырларын сунуштайбыз.
***
Күндөр мени өз чуусуна көндүргөн,
Сен узаксың, сендей узак бир сезим.
Биздин жашта менимче эч күнөө жок,
Көктөмүндөй артта калган күздөрдүн.
Сыр чөйчөгүм сынып калды бир сөздөн,
Балким, бала көңүлүмө кеч кирген.
Эми сени кайра берем өзүңө,
Баёо дүйнөм сактады эле эскиртпей.
Тарт тамеки мен үчүн да жаш жигит!
Менде да бар сен көтөргөн жашчылык.
Мени дагы күтпөй кетти бир көңүл,
Сени дагы сүйбөй кетти жаш сулуу.
Дүйнөбүзгө жараат көйнөк кийдикпи,
Ичибизде өлдүбү ээ кара түн?
Сен айласыз тамекиңди түтөтүп,
Мен аргасыз күндөлүкчө жазамын.
* * *
Өзүмдөн качып жүрсөм, кабар сурап:
- Кайдасың, тартынчаагым?! - деп коёсуз.
Жүрөгүм жүдөп кетти сүйүүдөн да,
Бардыгы болбойт окшойт ойдогунун.
Көңүлгө көө жугары ырас белем,
Түгөнүп калды менде ошол жомок.
Сүйүүдөн бир дөбөгө күлү үйүлбөй,
Кимдердин оту өчпөдү коломтодо.
Тагдырга шылтап коюп жашай берет,
Таалайын кармай албай учургандар
Тапшырат баарын, баарын убакытка.
Таң калып бүтпөгөнүм ушул Аалам.
Түшүнүп бүтө элекмин өзүмдү да...
* * *
Көздөн оолак, көмүскө
Бир жеринде көңүлдүн,
Аздек тутуп ар качан,
Аярлаган сезимсиз.
Каныңызда мырзалык,
Жаныңызда башка жар.
Ага таандык бакытсыз,
Мага бакыт эмессиз.
Кереметпи Кудайдан,
Белегиби жаштыктын.
Жүрөгүмдү сиз менен,
Жоктогон бейм ашыктык.
Көңүлүмдүн төрүндө,
Аздектелген сезимсиз.
Кайра келсек өмүргө,
Качандыр бир сиз болуп,
Кайра сүйүү кезиксин.
***
Кар жаап салды дүйнөмө.
Алдыда канча адашам.
Чалынып кеткен окшоймун,
Сезимге өзүм жасаган.
Жүрөккө түшсө озуйпа,
Жеңилби, оор, Сүйүүлөр?
Жоготуп алдым өзүмдү,
А силер кантип сүйдүңөр?
Сезимди кайда жашырам,
Төгүлүп кетип ырбаган..?
Баары бир эми мага да,
Эч кимди сүйбөйм, ыр жазам.
МОНОЛОГ
Менден кийин жаным кимге берилет?
Өзүм менен өлөбү же ичимде,
Мен баары бир тагдырыңа ишенбейм,
Бир ишенсем ишенгемин сүйүүгө,
Деген менен түйүп алып түйүнүн,
Бизден кеткен келбес болуп сүйүүлөр...
Сурап келдим куттуу күнү Кудайдан,
Сени менен жашасам деп өмүрдү.
Жетээринче сенсиздикти жашаган,
Текке кеткен күндөрүмдү кечирдим.
Билесиң да эми кетүү болбосун,
Бүтөлө элек туруп көңүл кетиги.
Мезгил менин жанга жакын жолдошум,
Түз кийсе да кыйшык баскан өтүгү.
Жетет эле сени алып жаныма,
Кете берсем бир өмүрдү көчүрүп.
Кайда алпарып жашайм билбейм, а бирок,
Мендегинин маанилүүсү өзүңсүң!