Нарында айылдаштарына ок чыгарган жарандын окуясы: Милиция айыл элинин талабын айтты

Нарын районунун Хутор-Ак-Талаа айылында айылдаштарына ок чыгарган жаранды айыл эли үй-бүлөсү менен кошо айылдан чыгып кетүүсүн талап кылып жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, айыл эли ок чыгарган жаранды үй-бүлөсү менен кошо айылдан чыгып кетүүсүн жана ок чыгарган жарандан жабыркагандарга жардам берүүсүн талап кылган. Айыл элинин айтымында, бул үй-бүлө буга чейин дагы айылдыктарга кысым көрсөтүп келген.

Азыркы учурда жаңжал орун алган үйдө эч ким жок. Милиция териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

7-июль күнү Хутор-Ак-Талаа айылында жер талашуудан улам ок атылып, алты адам жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан