Нарында жер талаштан кийин жергиликтүү тургун топтошкон адамдарга ок чыгарды. Үч адамдын абалы оор

Нарын районуна караштуу Хутор-Ак-Талаа айылында жер талашуудан улам ок атылып, алты адам жаракат алды. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, Хутор-Ак-Талаа айылынын К.Б аттуу тургунунун үйүнө ошол эле айылдын болжол менен 30-40ка жакын тургуну чогулуп келишип, үйүнүн терезелерин жана эшиктерин таш менен чаап талкалап, дарбазасынын сыртында токтоп турган Субару Аутбек үлгүсүндөгү унаасын өрттөп жатканда үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Жаракат алып ооруканага түшкөн үчөөнүн абалы оор болгондуктан операция жасалды, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлдү.

Уруштун чыгышы жер талаш болуп, айыл тургундары өз ара урушуп кетишкен. Ушул окуядан кийин эки тарап болуп бири-бирин күнөөлөп, арыз жазып башташкан. 2022-жылдын 7-июль күнү айылдын тургундары, көбүнчө жаштар К.Б.нын үй-бүлөсүнө нааразы болуп, сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып кетип, аягы ок атышуу менен аяктаган.

Азыркы учурда аталган окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан