Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди

Жогорку окуу жайларга тапшыруунун босого баллы белгиленди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жогорку окуу жайларга гранттык негизде жана келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тесттин босого баллы - 110, предметтик тесттердин босого баллы - 60 деп белгиленди.

Ал эми педагогика багыттары боюнча бюджеттик орунга тапшыра тургандар үчүн негизги тесттин босого баллы - 115, предметтик тест - 60 болуп бекиди.

Педагогика багыттарына келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест боюнча – 110, предметтик тест – 60 балл.

I жана II топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды кабыл алуу үчүн (медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден тышкары) бюджеттик орундарга негизги тест - 105, келишим боюнча акы төлөнүүчү окутуунун бардык формаларына негизги тест - 100 балл болуп бекитилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан