Президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында эртең, 14-июлда өлкөнүн министрлер кабинетинин жыйыны өтөт. Бул тууралуу президенттик администрациядан кабарлашты.
Жыйында 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары жөнүндө министрлер кабинетинин отчёту угулат.
Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышат.
Министрлер кабинетинин жыйыны УТРК, республикалык жана облустук телеканалдардын жана социалдык тармактардагы баракчалардын түз эфиринде көрсөтүлөт.
Жыйын саат 10:00дө башталат.