Бүгүн, 14-июлда өлкө башчы Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда министрлер кабинетинин 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында аткарган иштери боюнча отчёту угулмакчы.
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров баяндама жасайт. Ошондой эле жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.