Быйыл канча чакырым жол салынары белгилүү болду

Быйыл 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин төрагалыгы алдында өтүп жаткан министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

“Жол тармагында 2021-жылы 178 чакырым жол асфальттанса, 2022-жылы – 400 чакырым жолго асфальт төшөлөт. 150 миң чарчы метр жер чуңкурлар оңдолуп, 250 чакырым жолго шагыл төшөлөт. Баткен облусу боюнча 43 объектте жол салынып жатат”, - деп билдирди ал.

Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчёту угулууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан