2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча тышкы сооданын көлөмү 45 пайызга өстү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров президенттин төрагалыгы алдында өтүп жаткан министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.
"Үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында тышкы сооданын көлөмү 3,9 миллиард долларды түзүп, 45 пайызга өстү, экспорт 707,8 миллион долларды түзүп, 4 пайызга кыскарды, анын ичинде ЕАЭС мамлекеттерине 49,7 пайызга өстү. Импорт 3,2 миллиард долларды түзүп, 63,2 пайызга өстү", - деди Акылбек Жапаров.
Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчёту угулууда.