Садыр Жапаров жетекчилерге: "Кулагыңарга күмүш сырга "крыша болуу" деген түшүнүктү таптакыр жок кылабыз"

"Крыша болуу" деген түшүнүктү таптакыр жок кылып жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн өтүп жаткан жыйында билдирди.

"Урматтуу министрлер, бардык мамлекеттик органдардын жетекчилери, аймак жетекчилери, сиздерге катуу эскертерим: Кимде-ким туура эмес иштерге аралашып, бирөөлөргө «крыша» болуп же мамлекетке каршы иштердин аркасында турчу болсоңуздар, эч кимиңерди ушул кезге чейинки кылган бардык сиңирген эмгегиңерге карабайбыз! Өтө катуу жана катаал чараларды көрөбүз. Биздин мамлекетте коом өтө ачык, эч нерсени жаап-жашыра албайсыңар.

Текшерүүчү органдардын оозун жапканыңар менен эл өзү ачыктап, туура же туура эместигин териштирип, алаканыбызга салып берет. Ушул жерде отурган бардык жетекчилердин кулагына күмүш сырга, биз кабыл алынган чечимдердин бардыгы сиздердин колдон жалпыланып, анан кабыл алынат. Алар элдин жакшы жашоосуна да, түйшүккө малынышына да түрткү болот. Ошондуктан жакшылап терең ойлонулган чечимдердин болушу негизги шарт. Жети өлчөп, бир кесип анан кабыл алып туралы.

Жүзүбүз ар дайым жарык болсун десеңер эл үчүн, мамлекет үчүн ак дилиңерден таза иштешиңерди катуу талап кылам. Биз бийликке эл үчүн иштейли деп келдик. Бул максат ар бир министрлер кабинетинин мүчөсүнүн жүрөгүндө болушу керек. Ар бир мамлекеттик кызматкердин жүрөгүндө болушу керек. Мен жана министрлер кабинети чыгарган чечимдер жалпы элибиздин жашоосунун сапатын жогорулатууга багытталышы керек. Биздин бардык программаларыбыздын, стратегиялык документтерибиздин өзөгү – элибиздин бакубат жашоосун камсыз кылуу. Башка маселелерге убакытты да, ресурстарды да коротуп кереги жок", - деп билдирет өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан