Ар бир жаранды кабыл алып, маселесин дароо чечип бергиле. Мындай тапшырманы өлкө башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин отчёттук жыйынында жергиликтүү бийлик бутактарына берди.
Президент Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаевге тапшырма берип жатып, айтылгандар бардык облустардагы өкүлдөргө да тиешелүү экенин белгилеп өттү.
“Баткендин тагдыры - Кыргызстандын тагдырына тете. Баткендин ар бир жаранын өзүңүз кабыл алып, маселесин угуп, дароо жеринде чечип берип туруңуз. Бюрократия деген болбошу керек. Буга катуу көңүл буруңуз. Сиз өзүңүз эле эмес, акимдерден, айыл өкмөттөрдөн дагы талап кылыңыз. Дайыма элге жакын болгула. Бюрократия кылбай, кабыл алып, маселесин чечип берип тургула. Бул сизге эле тиешелүү эмес, бардык облустардагы өкүлдөргө тиешелүү”, - деди мамлекет башчысы.
Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчёту угулууда.
Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.