"Бул жыйынтык таптакыр төмөн көрсөткүч". Президент айыл чарба министринин ишин сынга алды

Бул жыйынтык таптакыр төмөн көрсөткүч. Мындай сынды өлкө башчы Садыр Жапаров министрлер кабинетинин отчёттук жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго карата айтты.

“Ушунча каражат бөлүнүп жатканына карабай, айыл чарба тармагында 2 пайызга өсүш деген – бул таптакыр төмөн көрсөткүч. Сиз мунун үстүндө координалдуу чечимдерге барып, катуу иштешиңиз керек. Азык-түлүк коопсуздугу биринчи орундан эч качан түшпөйт, дайыма биздин көңүл чордонубузда болуусу зарыл. Бул боюнча план иштеп чыгыңыз. Азык-түлүктүн тогуз түрү боюнча кластердик өнүктүрүүдө өзүңүз белгилеп өткөн алты түрүн 2 жылдын ичинде толугу менен ишке ашыргыдай болуңуз”, – деди өлкө башчы.

Ошондой эле быйыл 81 документ белгиленген мөөнөттү бузуу менен аткарылгандыгын, башкача айтканда аткаруу тартиби 1,9 пайызга начарлап кеткенин белгиледи. Мындан сырткары, суу кодекси менен жер кодексинин жаңы редакцияларын 1-ноябрга чейин бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда президенттин төрагалыгы алдында министрлер кабинетинин жыйыны өтүүдө. Анда 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчёту угулууда.

Жыйынга министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттин администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, мамлекеттик органдардын жетекчилери катышууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан