Садыр Жапаров: "Кагаз алып бербейбиз, планшетке өткүлө"

Бүгүн, 14-июль күнү министрлер кабинетинин жыйынында Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүнүн башчысы Зарлык Тургунбаев муниципалдык кызматкерлерди жумушка алууда компьютердик тестирлөөнү жөнөкөйлөштүрүүнү суранды.

Өз кезегинде президент Садыр Жапаров Тургунбаевдин бул сунушун сынга алып, ага нааразы болду.

"Биз муну тескерисинче оорлотолу деп жатпайбызбы. Компьютерге өтүп, планшет колдонолу деп жатабыз. Мына, алдыңарда тонналаган кагаз жатат, калем, блокнотторду колдоносуңар. Менин алдымда эч нерсе жок, бир да калем, кагаз, блокнот колдонбойм, мунун ичине (планшеттин - ред.) баары батат. Тескерисинче, компьютерге өткүлө да. 1-июлдан баштап кагаз алып бербейбиз дегенбиз. Тилекке каршы, көпчүлүк министрликтер менен борбордук органдар, бүгүнкү күнгө чейин электрондук өкмөткө өтө албай жатасыңар", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан