Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев менен Өзбекстандын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Владимир Норов менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен маалымдашты.
Маектин жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчылары кыргыз-өзбек мамилелеринин күн тартибиндеги актуалдуу маселелерин талкуулашкан.
"Тараптар эл аралык жана аймактык маселелер боюнча пикир алмашышты, алдыда боло турган тышкы саясий иш-чараларга, БА жана ШКУ ТИМК, анын ичинде Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоевдин 2022-жылдын 21-июлунда Чолпон-Ата шаарында боло турган Борбордук Азия мамлекет башчыларынын 4-консультативдик жолугушуусуна катышуусу, ошондой эле эң жогорку деңгээлдеги иш сапардын уюштурулушу боюнча сааттарды тууралашты", - деп жазылат билдирүүдө.