Өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү Канатбек Муратбеков ээлеген кызматынан бошотулду. Тийиштүү жарлыкка премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кол койду. Муну бүгүн, 3-декабрда өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Башка жарлыкка ылайык, Аманбай Кайыпов (сүрөттө) Нарын облусунун башчысы болуп дайындалды.
Аманбай Кайыпов буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (КСДП) болуп иштеп келген.