Бүгүн, 15-июлга карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 миллиард 672 миллион метр кубду түздү. Бул тууралуу "Электр станциялары" ачык акционердик коомунан билдиришти.
Билдирүүдө көрсөтүлгөндөй, суунун орточо күндүк агып кириши жана агып чыгышы жарыяланган эмес.
Мындан 3 күн мурун, 12-июлда суунун көлөмү 12 миллиард 614 миллион метр кубду түзгөн.