Ысык-Көлдө браконьердин үйүнөн "Кызыл китепке" кирген Ылаачын табылды

Ысык-Көл облусунун туристтик-экологиялык милиция кызматкерлери жергиликтүү тургундун үйүнөн "Кызыл китепке" кирген Ылаачынды таап алышты. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинен билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 15-июль күнү милицияга браконьерликке каршы рейд учурунда Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын тургуну үйүндө сейрек кездешүүчү канаттууну мыйзамсыз багып жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип 22 жаштагы Х.С. кармалган.

"Аталган факты Ак-Суу РИИБдин маалымат электрондук журналына катталып, тийиштүү тергөөгө чейинки иштери жүрүүдө.

Алынган жырткыч куш Түп районунун Николаевка айылындагы "Ителги борборуна" өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан