SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасында бул жолу акын Деңизбек Орозбай уулунун ырларын сунуштайбыз.
ЭНЕКЕМДИ ЭСТЕДИМ
Эх... Бала кез... Энекемди эстедим,
Эстедим да үшкүрүнүп "эх" дедим.
Мени энемден алыстаткан мезгилди,
"Мерезсиң" деп ичтен анан жектедим.
Бала кезде... Энем дайым жанымда,
Бал уйкудан турсам жайдын таңында.
Олтуруптур нан бышырып энекем,
Очоктогу бийлеп жаткан жалынга.
Үзүп алып ысык нанды казандан,
Сүртүп майды жесең укмуш казан нан.
Андай таттуу энекемдин нандарын,
Азыр издеп табалбаймын базардан.
Бүт баарысын тартып тозок-азаптын,
Байкуш энем "балдарым" деп жашапсың.
Эч көйгөй жок... Ал убакта көрсө мен,
Энекемдин бейишинде жашапмын.
Бирок азыр туш тарабым жар болуп,
Балкону бар бөлмөм турат тар болуп.
Элден алыс жашап жүрөм борбордо,
Энем жапкан ысык нанга зар болуп.
МАСЕЛЕ БАР
Орой бирөө тилдеп элдин көзүнчө,
Ойроң салды гүлдөй назик көңүлгө.
Чыдабадым айттым мен да ар кыл кеп,
Чок тутанып турду эки көзүмдө.
Абийирлерди төктүк аппак айрандай,
"Акмак тура сөз жебеген ал кандай!"
Ит экенин ачыктады бүт элге,
Итке атаандаш турдум мен да барк албай.
Түбүң түшкүр, таппай тынчтык байрагын,
Түркөй менен түк келише албадым.
Зыркыраттык сөздөр менен жүрөктү,
Зыян тарттым, бирок пайда таппадым.
Көп нерсени кеч түшүнөм өмүрдө,
Көпкө бир ой кетпей жүрдү көңүлдө,
Эч теңелбей басып кетсем болмок ээ,
Эх, дагы эле маселе бар өзүмдө.
АЙЫЛ, ЖАЗГЫ КЕЧ, ТҮНКҮ КАДРЛАР
Кызгылт нурун чачып соңку күн дөбөдөн батууда.
Кай бир жерде, балким, азыр агарып таң атууда.
Камынышып кечки оокатка, күйпөлөктөп а бизде,
Коломтого казан асып... Келиндер от жагууда.
Күүгүм өттү, түн да кирди, кыздын кара чачындай,
Көп күн мурун жамгыр жааган, нөшөрлөп эч басылбай.
Буруксуйт жыт, жаздын жыты, жааган ошол жамгырдын,
Бүт дүйнөгө сээп салган, жыпар жыттуу атырдай.
Кечки намаз, азан үнү жаңырууда мечиттен,
Көчө бойлоп чуркайт бирөө намазына кечиккен.
А бир үйдө чоң шаардан, сүйүндүрүп балдарын,
Ата-энеси белек алып кирип келди эшиктен.
Түн жымжырттык... Нурун чачып тоо тараптан ай чыкты,
Тыптынч талаа... Кубалады жамгыр менен жаз кышты.
"Быйыл эгин кандай болот?" кобурашып чай үстү,
Болжолдошуп ата-бала олтурушат жазмышты.
Түнкү айыл... Жашоо кызык... Бир үйдө жаш жубайлар,
Жөн чай ичпей, кылыгы ашат бир орунда тура албай.
А бир үйдөүшкүрүнөт сексендеги карыя,
"Атаганат, көз ирмемде өтүптүр" деп жыл, айлар.
Жаз алмашат, өтөт жылдар, мезгил өзү учат бат.
Жаз келди деп сүйгөн жарың жүрөгүнөн ызаттап.
"Жаз майрамың менен жарым!" деп эшикти тарс ачып,
Жигит келди жумушунан бир букет гүл кучактап.
Мына ушундай айыл түнү кызыктарга жык толгон,
Мээрим, бакыт, баалуулуктар сакталууда бүт бойдон.
Төрт дубалга камалып сен чоң шаарда жүргөнчө,
Таза абалуу, түнү бейпил, айылга кел кут конгон.
СЕНСИҢ
Кызыктуу мага сендеги жашоо,
Кызыкпы сага мендеги жашоо?
Арзууга алып, сүйүшүп сени,
Артыңдан калбай жүргөндүр канчоо.
Жашоодо дайым жакшылык жеңсин,
Жар кылып жанга ашыгын берсин.
Сейилдеп жүрүп сурадың айттым:
- Сүйүү - бул эмне?
- Сүйүү - бул сенсиң!
Асыл бир кызсың, бакытка жеткин,
Ачыгын айттым жашырбай кептин.
Сиренди көрүп сурадың менден:
- Сирень - бул эмне?
- Сирень - бул сенсиң!
Сергитет көңүл, жаздагы күндөр,
Сурадың менден жылмайып сүрдөй:
- Суктанам, ушул кооз ээ гүлдөр?
- Сенчелик кооз эместир гүлдөр!
Мен үчүн азап, жыргал да сенсиң,
Мен үчүн эргүү, ырлар да сенсиң.
Жаштыктын баары камтылып турган,
Жалындуу курак, жылдар да сенсиң.
ТАТТЫБҮБҮ ТУРСУНБАЕВАГА
Көргөн дагы, көрбөгөн да арманда,
Көркүң сенин аткан аруу таңдарда,
Суктандырат тал чыбыктай келбетиң,
Сулуусуң сен күндөн дагы, айдан да.
Көзүңдө өрт, шам чырактай жагылган,
Көркөмүңө далай жандар кабылган.
Кыргыз уулун таанытса элге Чокморов,
Кыргыз кызы сен аркылуу таанылган.
Бүтпөйт элдин сен жөнүндө баяны,
Бейнең сенин гүлдөр өскөн жаз айы.
Сулууларды издеп жүрүп, эх демек...
Сага түшкөн ажалдын да назары.
Көрүстөнгө барам кээде ишенбей,
Көп мүрзөдө өсөт шыбак, тикендер,
Бейитиңе чыкса керек а сенин,
Байчечектер, кызгалдактар, сирендер.
Сугун артып туш тараптан суктанган,
Сулуулукту кордойбу не бул жалган?
Өмүрүңдүн окуп алып баянын,
Өрттөй күйүп жүрөгүмдө турду арман.
Кантсе дагы бир төрөлүп, бир өлүп,
Кетербиз биз күнү келсе түгөнүп.
А сен болсо жүрөгүндө кыргыздын,
Ак куу бойдон сакталасың түбөлүк.