"Тартип бузушкан". Юрий Шатуновдун мүрзөсүнө барууга чектөө киргизилди

Белгилүү орусиялык "Ласковый май" тобунун мурдагы солисти Юрий Шатуновдун мүрзөсүнө келүүгө күйөрмандары үчүн чектөө киргизилди. Бул тууралуу орус басылмалары жазышат.

Андагы маалыматка караганда, Юрий Шатунов Москва шаарындагы Троекуровский көрүстөнүнө коюлган. Буга чейин бардык каалоочулар үчүн маркум ырчынын мүрзөсүнө келүү ачык болчу. Бирок күйөрмандары коомдук тартипти бузуп жатышкандыктан чектөө киргизилди. Эми Юрий Шатуновдун күйөрмандары анын мүрзөсүнө жакын бара алышпайт, алыстан гана көрүүгө мүмкүн экени айтылат.

Эскерте кетсек, Юрий Шатунов 23-июнда жүрөгү кармап каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан