20-21-июль күндөрү Чолпон-Ата шаарында Борбор Азия өлкөлөрүнүн президенттеринин Консультативдик жолугушуусу өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстандын өлкө башчылары катышат.
Жолугушууда саясий алаканы бекемдөө, соода-экономикалык, инвестициялык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү, аны менен бирге маданият, билим берүү, миграция жана саламаттыкты сактоо тармагындагы бир топ багыттарда талкуулана турганы айтылган.
Ошондой эле Садыр Жапаров айрым мамлекеттердин башчылары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөт.