Ташиев кимде ким революция кылам десе, “күлүн асманга сапырып” жиберерин айтты

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин 19-июлда "Саясат" маалымат каражатына берген маегинде журналисттин "Бириккен демократиялык кыймылдын" Таластагы жыйынына байланыштуу суроосуна берген жообу кызуу талкууга алынууда.

Анда Камчыбек Ташиев кимде ким революция кылам деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберерин айткан.

Ал эми “күздө төңкөрүш, жазда төңкөрүш” деген бул кыргызстандыктардын арасында 2002-жылдагы Аксы окуясынан бери дайыма айтылып келген дежур сөз. Кресло жетпей калгандардын сүйүктүү сөзү. Ооба, чындыгында 2005-жылдан бери үч жолу революция болду. Экөөсү жазда, бирөөсү 2020-жылы күздө. Революция эмнеден келип чыгат? Бийлик коррупция, уурулук менен алектенсе же шайлоолорду адилетсиздик менен өткөрсө революция келип чыгат. Шайлоолор таза өткөндүктөн Атамбаевдин эки уулу тең депутат болуп олтурат. Муну да эсиңерге алып койгула. Бир эле команда берсек экөө тең өтпөйт эле.

Биз тескерисинче шайлоолорду мурда болуп көрбөгөндөй таза, адилеттүү өткөрүп жатсак, уурулар менен коррупционерлерди камап "кустуруп" жатсак, пенсия, жөлөк пул, эмгек акыларды көбөйтүп, бюджетти толтуруп жатсак, мына УКМК эле бир жарым жылдын ичинде 8 миллиард сомдон ашык каражатты уурулардан казынага кайтардык. Прокуратура 2 миллиард сомдон ашык кайтарды. Салык менен бажыдагы коррупцияны токтотуп, чөнтөккө кетип жаткан акчаларды казынага буруп койдук. Казына көбөйүп калды. Ошонун эсебинен көтөрүп жатабыз эмгек акы, пенсия, жөлөк пулдарды.

Анан эмнеге революция болушу керек. Мен мурда да эскерткем, азыр да эскертип коёюн. Кимде ким “революция кылам” деп митингге чыга турган болсо, “күлүн асманга сапырып” жиберебиз. Биздин милдет - артынан беш киши ээрчибеген сасык саясатчылардын эмес, мамлекеттин, анын ичиндеги көпчүлүк элдин кызыкчылыгын сактап калыш. Бизге көпчүлүк элдин, тарапташтарыбыздын койгон талабы ушундай. Биз ал талаптарды аткарабыз. Биз элдин нааразы болуп чыгышына мындан ары “повод” бербейбиз. Эл үчүн таза иштейбиз. Бизге байлыктын кереги жок. Таза иштеп, тарыхта калышыбыз керек. Биздин максатыбыз ошол", - деген Ташиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан