Декабрда жогорку окуу жайга кабыл алуу сынагы кандай шартта өтөт? Министрликтен түшүндүрмө

Буга чейин жогорку окуу жайларга бир жылда эки жолу кабыл алуу болору айтылган. Ал эми билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто жана кесиптик билим берүү башкармалыгынын адиси Айнура Асан кызы 20-декабрдан 15-февралга чейинки кабыл алуу сынагы кандай шартта өтөрүн түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, бош орундарга карата октябрь, ноябрь айларында Жалпы республикалык тестирлөө өткөрүлөт.

"Эгерде университет макулдугун берип, бош орундарга кошумча сынак жарыялоо ниетин билдиргенде гана ЖОЖдорго экинчи ирет кабыл алуу болот. Ал эми орундар толуп калса ал окуу жайларда сынак жарыяланбайт. Азыр мынча бош орун калат деп эч ким айта албайт.

Бул экинчи кабыл алууда жогорку окуу жайларга өткөн студенттер бир семестр кийин бүтүшөт. Тактап айтканда, июль-август айларында тапшырган студенттер окуусун жылдагыдай эле жай мезгилинде аяктаса, ал эми кыш мезгилинде тапшыргандар февраль айларында аяктайт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан