Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын өлкө башчылары Ысык-Көл облусунун Бостери айылында этномаданий туризм менен таанышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.
Ага ылайык, «Nomad» этнокомплекске келген өлкө башчыларын алп баатырлар менен улуттук кийимчен кыздар тосуп алышты.
Андан кийин Садыр Жапаров, Касым-Жомарт Токаев жана Шавкат Мирзийоев кол өнөрчүлөр аллеясына өтүп, анда боз үйлөрдүн ички жасалгасы аркылуу кыргыз элинин улуттук каада-салттарын көрүп, кол өнөрчүлөрдүн: улуттук музыкалык аспаптарды, ала кийиз, шырдак жасоочулардын өнөрканаларын кыдырып чыгышты.
Мамлекет башчыларына ошондой эле салбуурун элементтери камтылган салттуу аңчылык, кыз куумай, андан сырткары каскадёрлордун катышуусундагы оюн-зооктор көрсөтүлдү, андан соң бейформал сый тамакка киришти.