Дары-дармек түрүндөгү контрабандалык жүк ташып бара жаткан унаа аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аткезчиликти аныктоо жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын жүрүшүндө, К.К. аттуу жарандын башкаруусундагы КРОН аталган чиркегичи менен Вольво үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.
"Транспорттук кароодон өткөрүү линиясында К.К. аттуу жаран “тиричилик буюмдары” үчүн CMR документтерин көрсөткөн. Бирок унааны дыкат текшерүү учурунда эски буюмдардын артына катылган дары-дармектер табылган.
Азыркы учурда тиешелүү тергөө иш-чаралары жүрүп жатат", - деп жазылат маалыматта.