Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Чолпон-Ата шаарына келди

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүүчү Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусуна катышуу үчүн келди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен маалымдашты.

Билдирүүгө ылайык, түркмөн башчысын «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров тосуп алды.

Борбор Азия мамлекет башчыларынын консультативдик жолугушуусунун алкагында бир катар документтерге кол коюу, ошондой эле эки тараптуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан