Коңшу өлкөлөрдүн президенттерине кыргыз элинин маданияты көрсөтүлдү

Өлкө башчы Садыр Жапаров кечээ, 20-июль күнү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев жана Өзбекстандын мамлекет башчысы Шавкат Мирзийоевди Ысык-Көлдөгү этномаданий туризм менен тааныштырды.

Президенттин маалымат кызматынан билдиришкендей, Бостери айылындагы “Nomad” этно-комплексинде өлкө башчыларына кыргыз элинин улуттук каада-салттарын, кол өнөрчүлүк буюмдарын жасоочу усталардын устаканаларын, ошондой эле каскадёрлордун катышуусунда этно-маданий оюндарды көрсөтүштү.

Андан кийин бейформал сый тамактын соңунда Борбордук Азия мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында театрлаштырылган оюн көрүштү. “Nomad” этно-комплексинин амфитеатрында конокторго “Манас” эпосу, көчмөндөрдүн жашоосу, каада-салты, ата-бабаларынын мурастары тууралуу баяндаган “Улуу Мурас” театралдаштырылган оюн-зоогу көрсөтүлдү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан