Садыр Жапаров Чолпон-Атада Түркмөнстандын президенти менен жолугушту

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 21-июлда Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өлкө лидерлери эки тараптуу жана соода-экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты.

Садыр Жапаров кыргыз тарап Түркмөнстанды маанилүү экономикалык өнөктөш катары карап, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана аны сапаттуу деңгээлде өнүктүрүүгө чоң маани берет. Ал бүгүнкү күндө Кыргызстан менен Түркмөнстан жакын дос, стратегиялык өнөктөш жана боордош өлкөлөрдөн экенин кошумчалады.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов кыргыз тарапка жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, консультативдик жолугушуу Борбор Азия чөлкөмүнүн маселелерин талкуулоо үчүн жогорку деңгээлдеги байланыштын жаңы формасы болуп калганын баса белгиледи. Ал кол коюлушу пландалган документтер аймактагы өлкөлөрдүн ортосундагы натыйжалуу кызматташтыкты кеңейтүү жана тереңдетүү үчүн көмөк көрсөтөрүнө ишеним артарын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан