ПОЭТЕРАПИЯ: "Этек жеңи жулмаланган сөздөр көп, Кандайс, оа, не жан, доске, майли, хоп"

SUPER.KG порталынын "Поэтерапия" рубрикасынын кезектеги каарманы акын Эрнис-Бек Урукеев.

Акын Эрнис-Бек Урукеев 1980-жылы Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Кызарт айылында туулган. Ушул эле айылдын Жаңы-Арык орто мектебин бүтүргөн. Үй-бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун атасы. "Казыбек-Ата" көп тармактуу дыйкан чарбасын жетектейт, мал чарбачылык, талаачылык менен алектенет. Каарманыбыз 20 жашынан баштап ыр дүйнөсүнө аралаша баштаган. Жазган ырларын өзүнүн Фейсбук баракчасына жарыялап келет. Алдыда китеп чыгарсам деген изги тилектери бар.

БАРКЫН СЕЗБЕЙ

Бүгүнкү, бар жашоонун баркын сезбей.
Эртеңге үмүт артып, шашылабыз,
Аяздуу кыштын түнү, үшүттү деп.
Жаз эрте келсе экен деп ашыгабыз...

Жаз келет, сыдырым жел, беттен сылап,
Жан дүйнө алып учкан, көктөм убак.
Жадырап айлананы, гүлгө ороп,
Жаркыган күндүн, нуру чачып кубат...

Жаз дагы, анча жакпайт үзүмчүлүк,
Жер жибип, жадатат ээ, ылай, баткак.
Жаз жакпай, жайды эңсеп, көңүл дегдеп,
Күтөбүз келсе экен деп, жайды мактап...

Жай келет, жаркын жазды артка таштап,
Таң жарып, тирүүлүккө аяк таштап.
Адамга эч бир нерсе жакпайт чиркин,
Тажатты түнкүсүн үп, аба жетпейт.
Күндүзү мээ каңгытат, ысык аптап...

Күз келет, алтын түстүү боёк чачып,
Молчулук, кут, береке ашып-ташып.
Мезгилдин берешени коңур күз да,
Биз байкуш, ашыгабыз, дале шашып...

Баалабай тирүүлүктүн жаркын кезин,
Мүрдүгүп кетээриң чын, жаза басып.
Эртеңиң бүдөмүктүү табышмак го,
Оо пенде, теминесиң, кайда? Шашып...

Дегеле адамзаттын жаратылышы, кайдадыр шаша берүүсү, учурдун кереметин, ырахатын сезбей эле алдыга ашыга бергенибиздин кыскача баяндамасы десем болот го. Дегеним эртеңки күн табышмак болгон соң бүгүнкү күндүн жыргалын көрүп жашайлы деген кеп да. Кудай берген төрт мезгили, бейиштин төрүндөй мекенибиз бар. Кыскасы ар бир мезгилдин өз керемети бар эмеспи.

АКЫНДАР АЗ

Акындар аз, ырын кыштай кынаган,
Ар бир сабын, таразалап кураган.
Ошондуктан азыркы ырлар маанисиз,
Дубал сымал, жер пайынан ураган...
Обондор көп, жеңил кайрык коштогон,
Кийинкиси, мурункуга окшогон.
Чанда гана обончулар болбосо,
Эски ырлардан олбуп-солбуп кошпогон...

Сөздөн дагы, кунар качты шаңы жок,
Көөнө сөздү, кошуп сүйлөөр кары жок.
Этек жеңи жулмаланган сөздөр көп,
Кандайс, оа, не жан, доске, майли, хоп.
Эки ортодо, маңкурт муун жетилди,
Зыңкыйганды зыңк кылгандар ары жок.
Кайран тилим, кош канаты кайрылып,
Учмак тургай, талпынаарга алы жок...

Калпак калып, жалпак шапке кийиндик,
Кашты кырып, туштап сүрөт чийиндик.
Өзөгүңдү өпкөгө тээп, эски деп,
Өзгөлөрдүн эскисине сүйүндүк.
Баба салтың бийик үчүн, эй кыргыз,
Нечен ирээт, өлө жаздап тирилдик...

Жалтак болуп, башкаларга жүгүнбө,
Жашык болуп, түпкүч сыңар ийилбе.
Коңшулардан эрте бүрдөп өнгөнсүң,
Кеч күздөгү, жалбырактай күбүлбө.
Коюу түндө, багытыңдан адашпай,
Таңды күтүн, келечектен түңүлбө...

Тилди чандык, жарды экен деп уялбай,
Манас турса, буркан шаркан кыяндай.
Дилди чандык, башка улуттар мыкты деп,
Көрөңгөңдүн кеңдигине сыялбай.
Көз көрүнө далай мурас уурдалды,
Биз жүргөндө, аяк башты жыялбай...

Сен кыргызсың, түбү бекем чынарсың,
Тарыхы кең, урабаган дубалсың.
Көрүнгөндүн этегине эрмешпей,
Түндүгүңдөн өз түтүнүң буралсын.
Сени көрүп, келечек муун бел байлап,
Бабалардын арбактары кубансын.
Улуу Кыргыз урпактары улансын!!!

Акындар аз деген ыр жалпы учурдагы акындардын деңгээлинин төмөндөп кеткенин эле кыйыттым. Албетте, анын ичинде мен да бармын... Акындык өнөр деген көөнөргүс улуу өнөр да, тилекке каршы, аны жеңил баа кылып, ар ким өз дараметин коомго таңуулай берип, айрыкча, өсүп келе жаткан муунду тайыз ырларга сугарып жатканыбыз өкүндүрөт. Акыркы кездерде интернет айдыңы да кошул-ташыл болуп, куюн алган камгактай топон-даныбыз аралашып калбадыбы...

КЫЯЛЫМДЫН ПЕРИСИ

Айсың десем, айдан дагы сулуусуң,
Күнсүң десем,күндөн дагы жылуусуң.
Түнт токойдо адашкандай сезимдер,
Сенсиз өткөн, сенек жылдар курусун...

Гүлсүң десем,гүлдөн дагы жыттуусуң,
Жакшылыкка, данакерсиң ыктуусуң.
Сендей сулуу, кыялкечтер толтура,
Бирок жаным, сен баарынан мыктысың...

Сенсиң меним,акылгөйүм кеңешчим,
Ашуусу сен, махабаттуу белестин.
Тагдыр түйгөн, татаал түйүн кеп эмес,
Жандап жүрсө, жан күйөөрүң кеңешчиң...

Отсуң десем, оттон дагы таптуусуң,
Балсың десем, балдан дагы таттуусуң.
Баасы чексиз, кыялымдын периси,
Башкалардын баарысынан барктуусуң...

Таңсың десем, таңдан дагы жарыксың,
Сезимдердин күүгүм түнүн жарыттың.
Сен бар үчүн сезим козгоп ыр жазам,
Сени гана сүйгөндүгүм анык чын...

Сүйүү деген кош жүрөктүн кагышы,
Сүйүү деген кош дайранын агышы.
Тирүүлүктө кандай тоскоол болсо да,
Сүйүү деген үнсүз сөзсүз көңүлдөр,
Улуу оттой, түбөлүккө жанышы...

ЭНЕ ТИЛ УЛУТ БАЙЛЫГЫ

Көөдөндү көк түтүнгө ыштап алып.
Көңүлдөр кышта калып, музда калып,
Көмөкөйдү киринди сөз ээлеп алды.
Көөнө сөз, көз көрүнө тышта калып...

Тамакты ачуу сууга нымдап алып,
Таамай сөз тышта калып, нымда калып.
Таңдайда тышкаркы сөз шапар тебет,
Эне тил жарды делип, сында калып...

Баратат муун улам майдаланып,
Ал боштукту шумпайлар пайдаланып.
Көөнөрбөс тил тамыры куурап барат,
Суусу жок, какыраган сайда калып...

Улуулук боюбуздан ыраак калып,
Бөлөк доош алат ойду, кулак жарып.
Кылымдап өчпөй келген кыргыз шамы,
Бороонго араң турат, бүлбүл жанып...

Түтөгөн өзөктүн каңырыгын,
Тыңдабай жан дүйнө жаңырыгын.
Сезалбай бүркүттүн бийик доошун,
Тыңшайбыз үндүктүн жаңылыгын...

Омоктуу сөзгө кулак төшөгүлө,
Кайт кыргыз, байыркы өзөгүңө.
Эскерткин уул кыз, урпагыңа,
Моюнга карыз бойдон өтүп кетпей,
Атуулдук парзыңарды өтөгүлө!!!

Эне тил боюнча айтса сөз түгөнбөйт. Антсе да учкай айта кетсем, эне тилибиз бүгүнкү күндө мышык ыйлагыдай акыбалда. Көчө толгон көрнөк-жарнак дээрлик көбү чет тилдерде, кыргызчасы болсо эми айтып болбойт. Өз жеринде өгөй баладай болуп турат. Коомдук жайларда расмий деген макамга далдаланып алып эне тилдин сай сөөгүн сыздатып жатабыз. Эртеңки муундун тил маселеси зээнди кейитпей койбойт. Кыскасы улут көйгөйү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан