Бишкек шаарынын Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги жолду тосуп, мыйзамсыз соода жүргүзүп жатышат. Мындай билдирүү порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө келип түштү.
"Бишкек шаардык мэриясынан, Биринчи Май райондук акимчилигинен Тоголок Молдо жана Киев көчөлөрүнүн кесилишиндеги өтмө жолдорду тосуп, мыйзамсыз соода жүргүзгөндөрдү жылдырып, жолду тазалап берүүсүн суранабыз! Карапайым элдин жолдо жүрүүсүнө абдан тоскоолдук жаратып жатышат. Коляска менен өтө албай жатабыз", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.