Садыр Жапаров жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү сунуштады

Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын жыйынында өлкө башчы Садыр Жапаров жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү сунуштады.

Өлкөлөрүбүздүн руханий жакындыгын эске алуу менен биз жалпы Борбор Азия телеканалын түзүүнү жана аймактын потенциалын, бул аймакта жашаган элдин достугун жана биримдигин чагылдырган бир катар теледолбоорлорду, мамлекеттердин тарыхын жана өзгөчөлүгүн чагылдырган билим берүүчү телерадио берүүлөрдү даярдоону сунуштайбыз”, - деди ал.

Мамлекет башчысы жаштар биздин аймактын келечектеги гүлдөшүнүн кыймылдаткычы болорун айтып, аларды бардык тармактарда колдоо боюнча иш-чараларын өткөрүш керектигин белгиледи. Жаштардын билим алуусуна, жогорку сапаттагы кадрлардын даярдоого инвестиция салуу маанилүү деп эсептей турганын кошумчалады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан