Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын кийинки консультативдик жолугушуусу Душанбе шаарында өтөт. Кийинки жыйынга Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон төрагалык кылаары маалым болду.
Жапаров аны менен катар бешинчи консультативдик жолугушууга Азербайжан өлкөсү ардактуу конок катары катышууга кызыкдар экенин айтты. Азербайжан төртүнчү жолугушууга да катышууга каалоосун билдирген.
Бүгүн Чолпон-Атада өткөн саммитке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Түркмөнстандын президенттери катышты.
Эске салсак, Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын биринчи консультативдик жолугушуусу 2018-жылы Нур-Султанда, экинчиси 2019-жылы Ташкентте өткөн. 2020-жылы саммитти Кыргызстанда өткөрүү пландалып, бирок COVID-19 пандемиясынан улам ал бир жылга жылдырылып, 2021-жылдын август айында Түркмөнстанда болгон.