Бишкекте 15 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр дайынсыз болуп изделүүдө

Бишкекте 15 жана 17 жаштагы өспүрүмдөр изделүүдө. 20-июль күнү үйдөн чыгып кетишкен бойдон кайтып келишкен эмес. Бул тууралуу SUPER.KG порталы дайынсыз болуп изделип жаткан өспүрүмдөрдүн биринин апасына байланышканыбызда белгилүү болду.

Өспүрүмдөрдү акыркы жолу Панфилов сейил багында көрүшкөн. Жакындары милицияга арыз жазышкан жана коомчулуктан издөө иштерине жардам берүүнү суранышкан.

Баялиева Акылай Мирлановна 2007-жылы туулган, кара булгаары шорты жана ак түстөгү футболка кийип жүргөн. Бою 167 сантиметр.

2005-жылы туулган Кайратбек уулу Минур кара түстөгү кроссовка, жынсы шым жана ак футболка кийип жүргөн. Бою 170 сантиметр.

Өспүрүмдөр тууралуу маалымат билгендер төмөнкү номурларга кайрылса болот:

Акылайдын апасы - 0557 88 76 60

Минурдун апасы - 0501 15 77 92.

Изделүүдө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан