Мугалимдик кесипке окуган алдынкы студенттерге 4 миң сомго чейин стипендия берүү каралууда

Мугалимдик кесипке окуган алдынкы студенттерге миң сомдон 4 миң сомго чейин стипендия берүү каралууда. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев маалымат жыйында билдирди.
"Жалпы республикалык тестирлөөдөн жогорку балл алган бүтүрүүчүлөрдү мугалимдик кесипке шыктандыруу максатында 5ке окуган студенттерге 1-курста 1000 сомдон, 2-курста 2000 сомдон, 3-курста 3000 сомдон жана 4-курста – 4000 сомдон стипендия берүү боюнча биздин идеябызды министрлер кабинети бир добуштан колдоду", - деди ал.
Бейшеналиев биринчи жарым жылдыкта мугалимдердин айлыгы 80 пайызга көтөрүлгөнүн белгилеп, бул кесипти кадыр-барктуу, эң көп талап кылынган жана жогорку акы төлөнүүчү кесиптердин бирине айландыруу башкы максаттарынын бири экенин билдирди.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан