Милиция ата-энелерге эс алуу учурунда балдарын кароосуз калтырбоону эскертет

Милиция ата-энелерге эс алуу учурунда балдарын кароосуз калтырбоону эскертет. Бул тууралуу Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 24-июлда Ысык-Көл РИИБине саат 15:00дөн 17:00гө чейинки аралыкта райондун аймагында жайгашкан ар башка 3 эс алуу жайларынан билдирүү түшүп, анда ата-энелер өздөрүнүн балдарын кароосуз калтыргандыктан улам жоготуп алышкандарын билдиришкен. Жоголгон балдардын жашы 5-8 жашты түздү.

Бактыга жараша, көл жээгинде жоголгон балдар милиция кызматкерлери тарабынан аз убакыттын ичинде табылып, ата-энелерине өткөрүп берилген.

Милиция кызматкерлери жогорудагы фактылар ата-энелерди балдарына өзгөчө көңүл бурарына жана алардын бош убактысын кызыктуу жана коопсуз өткөрүүгө өзгөчө маани берерине түрткү болоруна ишеним арттырышат.

Тартип сакчылары ата-энелерге төмөнкү кеңештерге кулак салууну сунушташат:

- бала коркунучту өз алдынча баалай албагандыктан аларды көлүн жээгинде, унаа жолдордо, эл көп чогулган коомдук жайларда жана башка ушул сыяктуу жерлерде эч качан жалгыз калтырбаңыздар;
- балдарга оор кырдаалда же болбосо жоголуп кеткен учурда чоңдордон жардам сурап кайрылууга, фамилиясын жана атын, жашын, үйүнүн дарегин айтууга үйрөтүңүздөр;
- эс алуу учурунда балдарга көчөдө, коомдук жайларда, жолдо, көлдө, токойдо жана ушул сыяктуу жерлерде өзүн коопсуз алып жүрүүнүн эрежелерин түшүндүрүп бериңиздер;
- көлдүн жанында эс алуу балдар үчүн бир катар коркунучтарды туудурушу мүмкүн, андыктан сиз балдарыңыздарды бир саамга да кароосуз калтырбаңыздар - бул баланын коопсуздугунун бирден-бир кепилдиги.

Милиция балдарга карата укук бузуулардын алдын алуу боюнча аракеттерди көрөрүн унутпаңыздар. Ал эми баланы тарбиялоо ата-эненин түздөн-түз милдети.

Эгерде сиздин балаңыз дайынсыз жоголуп кетсе, дароо милицияга 102 кызматы аркылуу кайрылыңыз.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан