Социалдык тармактарда Жогорку Кеңештин депутаты Балбак Түлөбаевдин катышуусундагы видео талкуу жаратууда.
Видеодо Балбак Түлөбаев көлдүн жээгинде жайгашкан мончодон чыгып, сууга түшүүгө камынганын көрүүгө болот. Депутат видеону тарткан адамга "Тартпа" деп кайрылган.
Учурда бул видео кызуу талкууга алынууда.
Белгилей кетсек, көлгө жакын мончолорго тыюу салуу 2018-жылы киргизилген. Ошол эле учурда прокуратура Ысык-Көлдүн жээгиндеги бардык мончолор демонтаждалганын билдирген.