Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган батыш өлкөлөрүнүн саясатчыларын Орусиянын президенти Владимир Путинге жасаган мамилесин сынга алып, алардын жүрүм-туруму саясатка туура келбейт деп белгиледи. Бул тууралуу Эрдоган Түркиянын жергиликтүү телеканалдарынын бирине берген маегинде айткан.
"Батыш саясатчыларынын Путинге болгон мамилесин билесиз. Бул саясатка туура келбейт. Ага кандай мамиле кылышса, ошондой жооп алышат", - деген Эрдоган.
Буга чейин Эрдоган Түркия Украина кризисин жөнгө салуу жана Орусия менен Украинанын ортосундагы тынчтыкты камсыз кылуу үчүн дипломатиялык аракеттерин уланта турганын билдирген.