Кыргызстанда аялдардын пенсияга чыгуу жаш курагы көтөрүлбөйт. Бул тууралуу Социалдык фонддун төрагасы Бактияр Алиев фонддун жарым жылдык отчётун берип жатып билдирди.
«Пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү боюнча маселе каралган жок. Мурдагы бойдон эле калат. Аялдар 58 жаштан, эркектер 63 жаштан пенсияга чыгышат", - деди ал.
Белгилей кетсек, буга чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов пенсияга чыгуунун жаш курагын көтөрүү керек экендигин айткан. Анын билдирүүсү коомчулуктун сынына кабылган.