2023-жылдын 1-январынан тарта эң төмөнкү пенсиянын өлчөмү 7 миң 200 сомго жеткирилет. Бул тууралуу Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев маалымат жыйында билдирди.
"Баш мыйзамда пенсия, жөлөк пул жана башка социалдык колдоолордун өлчөмү орточо жашоо минимумдан аз болбоого тийиш" деп жазылган. Орточо жашоо минимуму азыр 7 миң 200 сом болууда. 2023-жылдын январына чейин пенсионерлердин 50 пайызын, ал эми жылдын аягына чейин 100 пайыз эң төмөнкү пенсиянын өлчөмүн жашоо минимумдун суммасына жеткиргенге аракет кылабыз", - деди ал.
Белгилей кетсек, азыркы тапта пенсиянын орточо көлөмү 6 миң 100 сомду түзөт. Ал эми Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, учурда жашоо минимуму - 7 миң 318 сом. Ушул жылдын 1-январындагы маалыматка ылайык, өлкөдө 670 миң 435 пенсионер бар.